Меню
Эл-Сөздүк

Европа экономикалык шериктештиги (еэш

ЕВРОПА ЭКОНОМИКАЛЫК ШЕРИКТЕШТИГИ (ЕЭШ ) – батыш европалык 12 өлкөнү (Бельгия, Улуу Британия, Греция, Дания, Ирландия, Испания, Италия, Люксембург, Нидерланды, Португалия, Франция, Германия) өз кучагына камтыган жуурулушуу тобу; Рим келишимине ылайык 1957-жылы негизделген. 1960-жылдардын аягында бирдиктүү бажы бирлиги түзүлгөн; бажы алымдары, өзара соода-сатыктагы сандык чектөөлөр жоюлган, үчүнчү өлкөлөргө карата бирдиктүү бажы наркы киргизилген. 1992-жылдын акырына карата бирдиктүү ички базарды түзүү иши аяктаган.1993-жылы ЕЭШтин ажырагыс бөлүгү катары ЕБ курамына кирген.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: